Иранда эскичил диниятчы Эбрахим Раиси президенттикке ат салышарын жарыялады. 6-апрелде консерваторлор жыйын куруп, 19-майдагы өнөктүктө президент Хасан Роуханиге атаандаш чыкчу талапкерлердин тизмесин аныкташты.
Роуханини реформачылар менен байистүү позициядагылар колдошот. 56 жаштагы Раиси мурда мамлекеттик прокурор жана жогорку соттук органдын жетекчи орун басары, шайлоо комиссиясынын мүчөсү болчу.
Өлкөнүн жогорку лидеринин ишин көзөмөлдөгөн, жаңы көсөмдү тандоо менен алектенген Эксперттер ассамблеясына кирет. Кандидат болууга умтулгандар 11-15-апрелде расмий катталууга тийиш. Андан кийин Революциялык сакчылар кеңешинин элегинен өтөт.
Facebook шеринеси