Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:11

Түркмөнстанда эки вице-премьер жумуштан бошотулду


Түркмөнстандын президенти жана өкмөт башчысы Гурбангулы Бердымухаммедов эки вице-премьерин жумуштан бошотту. Өкмөттүн жыйынында мунай-газ секторун жана айыл чарбасын караган аткаминерлер иштен айрылды.

Президент бул чечимин аткаминердин улуттук экономиканын комплекстүү өнүгүшү боюнча баяндамасын уккандан кийин жарыялады. Отчетко караганда, мунай жана газ конденсатын өндүрүү 109%, мунайды кайра иштетүү 105% аткарылган.

Расмий маалыматтарга ылайык, президент Бердымухаммедов бул жогорку көрсөткүчтөр боюнча эч нерсе деп айткан эмес. Тескерисинче, айрым тармактардагы абалга канааттанбай турганын билдирген. Түркмөнстандын 2030-жылга чейинки мунай-газ өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча программанын аткарылышын көзөмөлдөө начар жүрүп жатканын айтып, вице-премьер Ягшигелди Какаевди жумуштан алган. Ага “Галкыныш” кениндеги газ куурун долбоорлоо иши жүктөлгөн эле.

Бул арада айыл чарба тармагын караган вице-премьер Режеп Базаров, акимдер жана агроөндүрүш комплексинин жетекчилери да иштен кеткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG