Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:06

Ала-Тоо аянтында апрель ыңкылабы эскерилди


Апрель окуясына арналып уюштурулган сүрөт көргөзмө. Ала-Тоо аянты, Бишкек.
Апрель окуясына арналып уюштурулган сүрөт көргөзмө. Ала-Тоо аянты, Бишкек.

Бишкектеги Ала-Тоо аянтында апрель ыңкылабына арналган театрлаштырылган иш-чара өттү. 2010-жылдагы Курманбек Бакиевди тактыдан кулаткан элдик толкундоолор актерлордун аткаруусунда көрсөтүлдү. Келгендерге концерт тартууланды. Алгач шаар мэри Албек Ибраимов сөз сүйлөдү.

Түшкө чейин президент Алмазбек Атамбаев баштаган бийлик өкүлдөрү "Ата-Бейит" комплексине барып, курман болгондордун мүрзөсүнө гүл коюп, куран окулду.

Апрель элдик революциясынын күнү Бишкектен тышкары бардык аймактарда белгиленүүдө. Милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

2010-жылы 7-апрелде президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыккан эл аны бийликтен кууган. Куралсыз элге ок атылып, 87 киши набыт болгон. Жүздөн ашуун адам жараат алган. Үй-бүлөсү, жакындары менен чет элге качкан Бакиев Беларустан башпаанек тапкан.

7-апрель "мамлекеттик майрам жана эс алуу күнү" деп жарыяланган. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG