Түштүк Кореяда "мыйзамсыз виза алган" деген негиз менен кыргызстандык төрт жаран соттолуп жатат. Үч кишинин иши боюнча Чханвон шаардык сотунун акыркы, чечим чыгаруучу отуруму 19-апрелге белгиленген. Дагы бир адамдын соту 14-апрелде башталат.
Алар чет элдеги этникалык корейлерге бериле турган "H-2" визасын алдоо жолу менен алганы аныкталганын Сеулдагы кыргыз консулу Нурзат Саякбай кызы "Азаттык" радиосуна билдирди.
Мыйзамсыз виза алгандар 2015-жылы барган. Алдын ала маалымат боюнча алар депортация болушу ыктымал.
Ушул тапта Түштүк Кореяда этникалык корейлерге берилчү визаларды текшерүү боюнча рейд жүрүүдө.
Быйыл февралда Түштүк Кореяга кетүү максатында жыйырмадай адам аты-жөнүн корейче өзгөрткөнү ачыкка чыккан эле. (SE\KE)