Линктер

шаршемби, 20-июнь, 2018 Бишкек убактысы 05:48

Орусия менен Иран АКШнын Сириядагы аба соккуларын айыптап чыкты. Президент Владимир Путин Американын ракета чабуулун эгемен өлкөгө каршы "агрессия" жана эл аралык нормаларды бузуу деп эсептерин анын маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Ирандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын соңку аракетин "коркунучтуу" деп мүнөздөдү. Сирия президенти Башар Асадды колдогон бул өлкө химиялык чабуулдарды айыптарын, бирок муну бир тараптуу аракетке өтүүгө шылтоо катары колдонбоо керектигин кабарлады.

7-апрелге караган түнү АКШнын Жер Ортолук деңиздеги кемелеринен чыккан ракеталар Сириядагы аба базаны бутага алды. Ал база дээрлик кыйраганы жана төрт аскер мерт болгону кабарланды.

Химиялык чабуулдар үчүн президент Башар Асадды күнөөлөгөн АКШ алты жылдан ашкан согушта биринчи жолу Сирия армиясына түздөн-түз сокку жасады. 4-апрелде Сириянын Хан-Шейхун шаарындагы химиялык чабуул деп мүнөздөлгөн аба соккуларынан 86 киши мерт болгон. Асаддын өкмөтү химиялык курал колдонулбаганын билдирип жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG