Кытай президенти Си Цзинпин АКШ президенти Дональд Трамп менен жолукту. Дүйнөдөгү экономикасы эң күчтүү эки өлкөнүн лидерлеринин алгачкы жолугушуусу бейшембиде Трамптын Флорида штатындагы "Мар-а-Лаго" отелинде өттү.
Дональд Трамп бул жолугушууда Кытайдын соода ыкмалары тууралуу тынчсыздануусун билдирип, Си Цзинпинди Түндүк Кореянын өзөктүк дымагын ооздуктоого чакырарын айткан. Соода жана эл аралык маселелер эки лидердин жума күнкү сүйлөшүүлөрүндө талкууланат деп күтүлүүдө.
Трамп 20-январда президенттикке киришкенден кийин эки өлкөнүн келечек алакалары бүдөмүк болуп келген. АКШнын жаңы президенти менен Тайван лидеринин жыл башындагы телефондук сүйлөшүүсү Кытай жетекчилигинин нааразылыгын жараткан болчу.
Президенттик шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө Трамп Бээжинди адилетсиз соода саясатын жүргүзүп жатат деп айыптап, Түштүк-Кытай деңизинде аралдарды курганын сынга алган.