Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:10

Казакстанда активист Нурбек Кушакбаев абакка кесилди


Нурбек Кушакбаев сот залында
Нурбек Кушакбаев сот залында

Казакстанда активист Нурбек Кушакбаев январь айындагы мунай кениндеги жумушчулардын иш таштоосу боюнча 2,5 жылга эркинен ажыратылды.

7-апрелде Астана соту Кушакбаевди мыйзамсыз иш таштоону уюштурган деп тапты. Өкүмдө нааразылык акциясынан улам келтирилген зыян 80 миң доллар деп бааланып, ал чыгымды казак активисти төлөмөй болду.

Кушакбаев - Мангыстау аймагындагы "Мунай курулуш компаниясынын" кесиптик кошуунунун мүчөсү.

Январь айында бул компаниянын жүздөгөн жумушчулары профсоюз биримдигин жабуу чечимине каршылык иретинде эки жумага иш таштаган.

Иш таштоо соттун чечими менен токтотулган.

Өзүн күнөөсүз деп эсептеген Кушакбаевдин адвокаттары жогорку инстанцияга доо арыз менен кайрыларын билдиришти.

XS
SM
MD
LG