Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:22

Москва: кыргыз кыздарынын өмүрүн алган өрт кырсыгы тергелип бүттү


Москвада 14 кыргызстандык кыз-келиндин өмүрүн алган типографиядагы өрт боюнча кылмыш иши тергелип бүттү. Бул тууралуу Орусиянын Тергөө комитетинин расмий сайтында айтылат.

Тергөөдө аныкталгандай, өрткө жарыктандыруучу жабдыктардын бузуктугунан жаралган техногендик фактор себеп болгон. Имараттын күйүүчү жана уулуу буюмдар менен шыкалганы өрттүн күчөп кетишине түрткү берген. Мындан тышкары имараттын түзүлүшүн өз алдынча өзгөртүүнүн кесепетинен жумушчулар өрт маалында сыртка чыга албай калган.

Комитетинин маалыматы боюнча, басмакананын генералдык директору Сергей Москвин жана анын башкы инженери Антон Яцков өрт коопсуздугу боюнча талаптарды бузду деп айыпталууда. Кылмыш иши сотко жөнөтүлдү.

Буга чейин басмакана 6,6 млн рубль айыппулга жыгылганы кабарланган. 2016-жылдын 27-августунда Москванын Алтуфьев шоссесиндеги "Басма экспресс" басмаканасында өрт чыгып, анда иштеген 17 киши набыт кеткен, алардын он төртү кыргызстандык кыз-келиндер болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG