Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:36

Швециянын борбору Стокгольмдо кол салуу болду


Стокгольм
Стокгольм

Швециянын полициясы баш калаа Стокгольмдо автофургон адамдардын тобуна сүзүп киргенин, андан кеминде эки адам мерт болгонун билдирди.

7-апрелде түш оой орун алган бул окуядан канча адам жараат алганы айтыла элек. Полицияга шаарда ок атылды деген маалыматтар келип түштү.

Автоунаа эл көп топтолгон Дроттнинггатан районундагы имаратты сүзүп кирген. Полиция тургундарды бул аймактан оолак болууга чакырды.

Окуя террорчул акт деп мүнөздөлүп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG