Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:53

Айзада Касмалиева "Азаттык Медиа" мекемесин жетектейт

Айзада Касмалиева 2017-жылдын 1-майынан тарта "Азаттык Медиа" мекемесинин директорлук кызматына киришет. Мындай чечимди "Эркин Европа / Азаттык радиосунун" жетекчилиги кабыл алды.

Медиа уюмду 2013-жылдан бери башкарып келген Султан Каназаров өз ыктыяры менен кызматтан кетти. 

Айзада Касмалиева 2004-жылдан бери журналистика тармагында иштейт. Төрт жыл КТРКда, алгач каналдын радиосунда, андан соң "Ала-Тоо" маалымат программасында кабарчы, жаңылыктардын алып баруучусу жана редактор болуп иштеген. 

2008-жылы "Азаттыктын" жамаатына кошулуп, "Азаттык+" программасында иштей баштаган. 2010-жылдан тарта "Ыңгайсыз суроолор" телеберүүсүн алып барып келет. 2016-жылы "Каректе Евразия" программасынын редакторлук жана алып баруучулук кызматын да аркалоого киришкен. 

XS
SM
MD
LG