Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:54

Стокгольмдогу окуядан төрт адам каза тапты


Теракттан кийин. Стокгольм, Швеция
Теракттан кийин. Стокгольм, Швеция

Швециянын борбору Стокгольм шаарындагы 7-апрелдеги окуядан төрт адам каза тапты, он эки адам жараат алды. Бул тууралуу AFP агенттиги билдирди.

Полиция автоунаа уурдалганын жана кол салууга шектүү кармалганын маалымдады.

7-апрелде Стокгольмдо жүк ташуучу машине дүкөн имаратына сүзүп кирген. Өлкө премьер-министри Стефан Лёвен бул окуяны «террордук акт» деп мүнөздөдү. Ал кечээ кол салууга байланыштуу бир адам кармалганын, жүк ташуучу унаада эки адам болгонун билдирген.

Буга чейин Европада автоунаа менен элге кол салган бир нече террордук акт катталган. 22-мартта Лондондо болгон чабуул беш адамдын өмүрүн алган. 19-декабрда Берлинде Жаңы жылдык жармаңкеге чогулган элге жүк ташуучу автоунаа сүзүп кирип, андан 12 адам мерт болгон.

2016-жылы Франциянын Ницца шаарында да жүк ташуучу унаа менен чабуул жасалып, 86 адамдын өмүрү кыйылган. Булардын баарына «Ислам мамлекети» террордук тобу жоопкерчилик алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG