Линктер

шейшемби, 12-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 05:03

Баткенде «Өрүк гүлү-2017» эл аралык фестивалы өтүүдө. "Азаттык" радиосунун кабарчысы билдиргендей, иш-чарага облустагы айылдардан өкүлдөр катышууда. Мындан тышкары эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ишкерлер жана Тажикстандан коноктор чакырылган.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү фестивал аймакка туристтерди тартуу максатында уюштурулганын маалымдады.

Фестивал алкагында өрүктөн жасалган азыктар келгендерге тартууланууда.

Баткен облусундагы өрүк бактардын жалпы аянты 10 миң гектардан ашат. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG