Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:01

Таласта кыргыз күрөшү боюнча республикалык мелдеш өтүүдө


Бакай-Ата районунун Оро айыл өкмөтүнүн Кыргызстан айылында өтүп жаткан мелдешке өлкөнүн ар тарабынан келген 400дөн ашуун балбан катышууда.

Алар 10 салмак боюнча күч сынашып жатат. Байге фонду 200 миң сомду түзөт, жеңүүчүлөр бүгүн аныкталат.

Мелдешти кыргыз күрөшкө кызыккандар көп чыккан Оро айыл өкмөтүнүн жашоочулары уюштурган. Айыл өкмөттөн 70тен ашык адам спорттун аталган түрүнүн чебери, жетөө эмгек сиңирген машыктыруучу болгон. (AlS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG