Стокгольмдун борборундагы террордук кол салууга шектүү делип эки адам кармалды.
Швециялык Aftonbladet гезити кармалгандардын бири 39 жаштагы Өзбекстандын тургуну жана өзүн "Ислам мамлекети" деп атаган террордук топтун жактоочусу экенин жазды. Полиция кармалгандардын бири кылмышты түздөн-түз аткарган деп эсептейт.
7-апрелде Стокгольмдо уурдалган жүк ташуучу машине соода борборунун имаратына сүзүп кирип, өрттөнүп кеткен. Акыркы маалыматтар боюнча, андан төрт адам каза тапты, он беши жараат алды. Алардын тогузунун абалы оор экени айтылды.
Шаар тургундары окуя болгон жерге гүл жана шам алып келип эскеришүүдө. Швециянын королу Карл XVI Густав жакындарынан айрылгандарга жана жапа чеккендерге көңүл айтты.