Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:26

Патрулдук милиция: Ош-Бишкек жолунда кырсыктар азайды


Ош-Бишкек жолундагы патрулдук милиция.
Ош-Бишкек жолундагы патрулдук милиция.

Ош-Бишкек жолунун кооптуу деп саналган Ала-Бел, Көк-Бел, Чычкан капчыгайларында жол кырсыгы азайды. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Жалал-Абад облустук патрулдук милиция башкармалыгынын жетекчиси Авазбек Досов билдирди. Анын айтымында, жолго патрулдук милициянын кошумча экипаждары коюлгандан бери адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгы каттала элек.

Быйыл мартта Чүй облусунан эки, республикалык патрулдук милиция башкармалыгынан үч экипаж жолдогу абалды көзөмөлдөө үчүн Жалал-Абад облусуна жиберилген.

Эми Бишкектен Ошко чейинки трассага да кошумча экипаждарды тартуу жагы каралууда.

Облустук патрулдук милиция башкармалыгынын маалыматына караганда, 2017-жылдын башынан бери аймакта 100дөн ашуун жол кырсыгы катталган, андан 33 адам каза таап, 200дөн ашууну жараат алган. Кырсыктардын 80 пайызы Ош-Бишкек жолунда болот. Мартка чейин дубанда 400 чакырым жолду сегиз кызматкер гана тейлеп келген. (RsK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG