Эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбан Базар Базаргуруев 2008-жылы Кытайдын Бээжин шаарында өткөн Олимп оюндарынын коло байгесинин ээси болду. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш бирикмесинин (United World Wrestling) расмий сайтында жазылды.
Маалыматка караганда, 6-апрелде спортчулардын допинг тесттерин экинчи жолу текшерүүдө орусиялык оор атлетчи Светлана Царукаева, өзбекстандык эркин күрөшчү Артур Таймазов жана украиналык эркин күрөшчү Василий Федоришин өтпөй калган. Федоришиндин канынан тыюу салынган туринабол заты чыккан.
Эл аралык олимпиада комитетинин дисциплинардык комиссиясы "кызытмага каршы эрежелерди бузду" деп айыптап, берген сыйлыктарын кайтарып берүүнү талап кылды. Бээжин Олимпиадасында Федоришин финалда орусиялык Мавлет Батировго утулуп, күмүш алган болчу. Бирок дисквалификация болгондугуна байланыштуу анын күмүш байгеси жапониялык Кеничи Юмотого берилмей болду. Жапон балбанынын коло медалы болсо кыргызстандык Базар Базаргуруевге ыйгарылат.
Базаргуруев Бээжиндеги Олимп оюндарында эркин күрөштөн 60 килограммга чейинки салмакта күрөшүп, алгачкы беттешинде албаниялык атааандашын утуп, чейрек финалда украиналык Виталий Федоришинге жеңилген эле.
Жооткотуучу беттеште АКШ балбаны Майк Задикти жеңип, коло үчүн таймашта жапониялык Кеничи Юмотого утулган. Ушуну менен Кыргызстандын эсебинде жайкы Олимп оюндарында төрт байге болот. Күмүш медал грек-рим күрөшүнөн балбан Канат Бегалиевге, коло байгелер Руслан Түмөнбаев, эркин күрөшчү Базар Базаргуруев жана дзюдочу Айдын Смагуловго таандык. (ECh)