Президент Алмазбек Атамбаев жергиликтүү соттордун судьяларын бекитүү, аларды Ош жана Нарын облустарына жиберүү жөнүндө жарлыкка кол койду.
Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү 8-апрелде билдиргендей, судьялыкка талапкерлер боюнча сунуштар каралып чыгып, Келдибек Исажанов Ош облустук сотуна, Азамат Койломбаевди Нарын облустук сотуна дайындалды.
Алар милдеттерин 6-апрелден тартып аткарууга тийиш. Жарлык кол коюлгандан тарта күчүнө кирет. (NT)