Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:07

Жалал-Абад: Маданият жолу оңдоло баштады

Ош-Бишкек авто жолунун Маданият-Барпы бөлүгүн оңдоо иштери 8-апрелде башталды. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Мамасалы Акматов "Азаттык" радиосуна билдирди.

Анын айтымында, трассанын Кочкор-Ата шаарындагы бөлүгүнө асфальт төшөлүп жатат. Буга чейин айдоочулар жолдун ушул бөлүгү начар деген нааразылык билдирип келишкен. 

Ал эми жолдун калган бөлүгүн оңдоону августта баштоо мерчемделүүдө.

Ош-Бишкек жолунун 67 чакырымга созулган бул бөлүгүн оңдоого Европа өнүктүрүү жана реконструкция банкы 60 миллион доллар бөлгөн.

Реконструкциялоо иштери үч жылдан бери баштала элек болчу. (RsK)

XS
SM
MD
LG