Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:39

Египеттеги жардыруулардан 44 адамдын өмүрү кыйылды


Танта шаарындагы чиркөө бомба жардыруудан кийин. 9-апрель, 2017-жыл.
Танта шаарындагы чиркөө бомба жардыруудан кийин. 9-апрель, 2017-жыл.

Бомба жардыруулар Египеттеги копт христиандарына караштуу эки чиркөөдө болду жана кандуу окуя алар Пасха майрамына даярданып, христиандар үчүн ыйык жуманы бштап жаткан учурга туш келди.

Жардыруулардын алгачкысы Александрия шаарындагы чиркөөдө болду.

Экинчи бомба Танта шаарындагы чиркөөдө жарылды. Эки жарылуудан өлгөндөр саны соңку маалымат боюнча 44кө жетип, дагы 100дөн ашуун киши жаракат алган.

Президент Абдел Фаттах ал-Сиси жекшемби күнү кечинде өлкөдө эми үч айга өзгөчө абал тартиби киргизилерин жарыялады. Бул сунушту парламент колдоого алары күтүлүүдө. Египет бийликтери ошондой эле үч күнгө аза күтүү да жарыялашты.

Кол салуулар үчүн “Ислам мамлекети” экстремисттик уюму жоопкерчилик алды.

Бул тууралуу жихадчыларга караштуу «Amaq” жаңылыктар агенттиги социалдык медиа аркылуу тараткан билдирүүдө айтылат.

Христиандар Египет калкынын 10%дайын түзөт. Алардын өздөрү жана чиркөөлөрү исламчыл экстремисттердин кол салууларына мурда да кабылып келген.

Рим католик чиркөөсүнүн башчысы, Папа Францис, Египеттеги башкы диний окуу жай-Ал-Азхар университетинин башчысы, улуу шейх Ахмед ал-Тайиб бомба чабуулдарын айыпташты. (UE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG