Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:29

Эки диний ишмер дүйнөлүк аалымдар лигасына мүчө болду


Абдышүкүр Нарматов жана Чубак ажы Жалилов.
Абдышүкүр Нарматов жана Чубак ажы Жалилов.

Диний ишмерлер Абдышүкүр Нарматов жана Чубак ажы Жалилов бүткүл дүйнөлүк аалымдар лигасына мүчө болду.

Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, мындай чечимди дүйнөлүк Ахли Сунна аалымдар лигасынын мүчөлөрү кабыл алган.

Абдышүкүр Нарматов Кыргызстандагы Аалымдар кеңешинин төрагасы, Чубак ажы Жалилов анын мүчөсү. Алар Түркиянын Стамбул шаарында өтүп жаткан дүйнөлүк аалымдар лигасынын жыйынына катышууда. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG