Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:35

"Ак илбирс" сыйлыгына талапкер болгон тасмалар аныкталды


"Ак илбирс" улуттук киносыйлыгынын “Орто Азиянын мыкты тасмасы”, “Орто Азиянын мыкты актеру”, “Орто Азиянын мыкты актрисасы” боюнча номинанттары аныкталды. Бул боюнча “Ак илбирс” киносыйлыгын уюштургандардын бири, Кинематографисттер союзунун төрагасы Таалай Кулмендеев кабарлады.

“Орто Азиянын мыкты фильми”:

1. “Маймылдын түшү” режиссеру Руми Шоазимов (Тажикстан)

2. “ Энеге карай жол” режиссеру Акан Сатаев (Казакстан)

3. “Күздүн чечмелениши” режиссеру Зульфикар Мусаков (Өзбекстан)

“Орто Азиянын” мыкты актеру”:

1. Баходур Миралибеков (Тажикстан)

2. Адил Ахметов (Казакстан)

3. Бахриддин Абдуллаев (Өзбекстан)

“Орто Азиянын мыкты актрисасы”

1. Зульфия Садыкова (Тажикстан)

2. Алтынай Ногорбек (Казакстан)

3. Феруза Саидов (Өзбекстан)

Жеңүүчүлөр 14-апрелде Бишкектеги "Манас" кинотеатрында өтө турган сыйлык тапшыруу аземинде белгилүү болот. Сынактын уюштуруучулары - Кыргызстандын Кинематографисттер союзу, «Айтыш» коомдук фонду, Кинону өнүктүрүү фонду жана Кинематография департаменти. (ZA)

XS
SM
MD
LG