Линктер

жекшемби, 21-январь, 2018 Бишкек убактысы 08:59

Жогорку Кеңеште электр энергияга болгон тарифтерди кайра кароо маселеси көтөрүлдү. Кышы бою эл арасында акылдуу эсептегичтерге нааразы болгондордун аягы суюлбай, өкмөт менен араздашканга чейин баргандар болду. Энергетикадагы реформалар эл күткөндөй натыйжа берип жатабы, коррупциялык схемалар жоюлдубу, акылдуу эсептегичтер алдаган жокпу, бишкектиктер үчүн электр энергияга болгон тарифтерди өзүнчө кылууга мүмкүнбү, дегеле тариф саясаты өзгөрөбү, энергетиканын келечеги кандай болот, ж.б.у.с. суроолорго бүгүнкү “Арай көз, чарай” берүүбүздөн жооп издейбиз. Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов жана энергетика боюнча эксперт Жаныбек Оморов катышты.

XS
SM
MD
LG