Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 20:03

Өкмөткө кат аркылуу келген арыз, билдирүүлөр боюнча ушул айда атайын жыйын өтөт. Өкмөттүн расмий сайтындагы маалыматтар боюнча, айрым кайрылуулар жана андагы маселени иликтөө тууралуу тиешелүү министрликтер менен мекемелерде жумушчу топтор түзүлгөн.

Кайрылгандардын көпчүлүгү – улгайган адамдар жана калктын социалдык жактан корголбогон катмары экендиги аныкталды. Каттардын көбү социалдык кызматтар, пенсия, жеңилдиктер, жөлөк пул жана материалдык жардамдарга байланыштуу. Ошондой эле турак жай маселеси, жумушка орноштуруу боюнча ар түрдүү талаш-тартыштар жана айлык-акы көйгөйлөрү менен өкмөткө кайрылгандар басымдуу болгон.

Ушул жылдын 1-кварталында өкмөт аппаратына жарандардан 1242 кат жана 321 оозеки кайрылуу түшкөн. (SDz)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG