Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 09:03

Чүйдө изделип жаткан 11 жана 14 жаштагы балдар табылды


14 жаштагы Ислам Куттубек уулу жана 11 жаштагы Байболот Мырзабаев.

Чүй облусунда изделип жаткан 11 жана 14 жаштагы балдар аман-эсен табылды. ИИМдин маалымат кызматы кабарлагандай, балдар 7-апрель күнү кечинде табылып, учурда алардын үйдөн кетип калышынын себептери, кайсы жерде жүргөндүгүн аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат.

14 жаштагы Ислам Куттубек уулу жана 11 жаштагы Байболот Мырзабаев 2-апрель күнү кечки саат 11де үйүнөн чыккан боюнча келген эмес. Балдардын туугандары Москва райондук милициясына кайрылып, арыз жазган.

Милицияга маалым болгондой, балдар чоң апасынын колунда тарбияланып келет. Бир баланын апасы чет өлкөдө жүрсө, экинчисиники Бишкекте жашайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG