Бүгүн Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде эл тарабынан сунушталган Баткен окуясынын катышуучуларынын социалдык укуктарын коргоону жакшыртуу максатында мыйзам долбоору каралды.
Жыйында «Баткен согушунун республикалык жоокерлеринин кеңеши» коомдук бирикмесинин төрагасы Сатыбек Молдалиев Баткен согушуна катышкандардын жесирлерине, балдарына, ата-энелерине төлөнүүчү социалдык төлөмдөрдү көбөйтүүнү сунуштады. Баткен согушунун катышуучулары 1999-2000-жылдары мамлекеттик маанидеги тапшырмаларды аткарып, өлкө аймагына кирип келген террордук топко каршы куралдуу күрөш жүргүзгөнүн айтып өттү.
Каржы министри Адылбек Касымалиев өкмөт бул мыйзамга каршы корутунду бергенин эске салып, бюджетте кошумча каржы булактары жок экенин белгиледи.
“Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктун эмгекчилери жөнүндө” мыйзамга толуктоолорду киргизүү жөнүндө долбоорго 63 миӊ жарандын колу топтолуп, парламенттин кароосуна киргизилген. Анда Баткен окуясында жараат алган жарандарга, курман болгон жоокерлердин жесирлерине, балдарына, ата-энелерине төлөнүүчү социалдык төлөмдөрдүн өлчөмүн 1 миӊ сомдон 7 миӊ сомго чейин көбөйтүү сунушталган.
Өкмөт мыйзам долбоорун ишке ашыруу үчүн бюджетке кошумча 39 млн сом каражат талап кылынарын эсептеп чыккан. (SDz)