Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:26

Түштүк Осетияда өткөн президенттик шайлоодо Бибилов жеңди


Анатолий Библов.
Анатолий Библов.

Жикчил Түштүк Осетия аймагында өткөн президенттик шайлоодо аймактын де-факто парламентинин спикери Анатолий Бибилов жеңди.

Бул тууралуу аймактын расмийлери кабарлашты. Шайлоону мыйзамсыз деп, Тбилиси жана Батыш маммлекеттери кескин сынга алышты.

Жикчил өкмөттүн шайлоо комиссиясынын башчысы Белла Плиева 10-апрелде жасаган билдирүүсүнө ылайык, Бибилов добуштардын 58 пайызына ээ болду, ал эми аймактын азыркы лидери Леонида Тибилов 30 пайыз добуш топтоду.

Плиева кошумчалагандай, шайлоого аймак калкынын 90 пайызы катышты жана алардын 78 пайызы Түштүк Осетия Республикасы аймагынын аталышын Түштүк Осетия-Алания республикасы деп өзгөртүүнү колдошту.

АКШ, Евробиримдик жана Грузия 9-апрелде өткөн шайлоону мыйзамсыз деп атап, жыйынтыктарын тааныбай тургандыгын билдиришти.

Орусия 2008-жылкы кыска согуштан кийин Грузиядан өз алдынчалык жарыялап алган Абхазия жана Түштүк Осетиянын төбөлсүздүгүн таанып, эки аймакта тең миңдеген аскерлерин жайгаштырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG