Линктер

шаршемби, 26-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 12:53

Чынара Адамкулова Дипломатиялык академияга жетекчи болду


Билим берүү министрлигинин 5-апрелдеги буйругуна ылайык, Чынара Адамкулова Тышкы иштер министрлигине караштуу Казы Дыйкамбаев атындагы Дипломатиялык академиянын ректорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу кабар Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтына жарыяланды.

Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Динара Кемелова жана Билим берүү министрлигинин статс-катчысы Калысбек Шадыханов ректордун милдетин аткаруучуну бүгүн жамаатка тааныштырды.

Чынара Адамкулова жакында эле КУУнун ректорлугунан бошотулган. Ал Улуттук университетти жетектеп турган учурда жамаат арасында нааразычылыктар чыккан. КУУнун ректорунун милдетин аткаруучу болуп, мурдагы Билим берүү министри Канат Садыков дайындалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG