Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 15:55

“Ак илбирс” улуттук кинофестивалынын “Дүйнөлүк кинематографияга кошкон салымы үчүн” номинациясы боюнча атайын сыйлыгы советтик кино өнөрүнө кошкон салымы үчүн түркмөн кинорежиссеру Ходжакулу Нарлиевге тапшырылат. Бул тууралуу “Ак илбирс” улуттук киносыйлыгынын уюштуруучуларынын бири Таалай Кулмендеев кабарлады.

Ходжакулу Нарлиев - кинорежиссер, сценарист жана кинооператор, СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Түркмөн ССРинин Эл артисти, Орусиялык “Ника” кинематографиялык искусство Академиясынын мүчөсү, Бүткүл союздук жана Эл аралык Локарно, Венеция, Сорренто кино фестивалдарынын лауреаты.

Нарлиев көрүүчүлөргө “Жашап бүткөн күндөр”, “Чакырык”, “Жамалдын дарагы”, “Жок деп айтканды үйрөн”, ”Каракум, көлөкөдө 45 даража ысык” деген бир нече тасмалары менен таанымал.

“Дүйнөлүк кинематографияга кошкон салымы үчүн” номинациясы боюнча атайын сыйлык 2015-жылдан бери ыйгарыла баштаган. Буга чейин аталган сыйлыкка Өзбекстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, “Хамза” мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, режиссер жана сцеранист Али Хамраев жана советтик актриса Наталья Аринбасарова татыктуу болгон.

Сыйлык 14-апрелде “Манас” кинотеатрында тапшырылат.(ZA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG