Талас шаардык мэриясынын алдындагы фольклордук оркестрдин кызматкерлери 10-апрелден тарта иш таштады. Оркестрдин башкы дирижёру Тазабек Өмүркуловдун «Азаттык» радиосуна билдиришинче, он беш кызматкер маянанын эки жылдан бери көтөрүлбөй жатканына нааразы болууда:
- 2200 сом айлык алабыз. Мэриядагылар "эптеп чыдап тургула, кийин көтөрөбүз" дешкен. Бирок эки жыл болду, дале ошол акчаны алабыз. Анын жарым жылын да бекер иштегенбиз, - деди Өмүркулов.
Бул иш боюнча Талас шаардык мэриясы комментарий бере элек. Мекеме алдындагы фольклордук оркестр эки жыл мурун түзүлгөн. Алар облустук деңгээлдеги маданий иш-чараларды өткөрүүгө катышат. (AlS)
Facebook шеринеси