Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:54

Жонсон: «Чоң жетинин» министрлери Орусияга санкция киргизүүнү карайт


Британиянын тышкы иштер министри Борис Жонсон.
Британиянын тышкы иштер министри Борис Жонсон.

«Чоң жетиге» кирген мамлекеттердин тышкы иштер министрлери Сирияда өткөн жумада болгон химиялык чабуулдан кийин сириялык жана орусиялык аскерлерге каршы жаңы санкцияларды киргизүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашат. Бул тууралуу бүгүн Британиянын тышкы иштер министри Борис Жонсон Италиянын Лукка шаарында, «Чоң жетинин» эки күндүк саммитинин алдында билдирди.

АКШ, Жапония, Германия, Британия, Италия, Франция жана Канаданын министрлери жыйында Сириядагы кризисти чечүүнүн жолдорун талкуулашары күтүлүүдө.

4-апрелдин таңында Сириянын Хан-Шейхун шаарында жасалган ыктымал химиялык чабуул сексенден ашуун адамдын өмүрүн алган.

Орусия менен Асаддын өкмөтү соккулар Хан-Шейхун шаарындагы эктремисттердин химиялык курал сактаган кампаларына жасалганын билдирсе, козголоңчулар химиялык чабуул абадан жасалганын айтышып, ага Асаддын бийлиги жоопкер экенин кабарлашууда.

АКШ Дамасктын өз жарандарына каршы химиялык чабуулуна жооп чара деп 7-апрелде өкмөттүк авиабазага ракеталык сокку урган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG