Линктер

шейшемби, 20-февраль, 2018 Бишкек убактысы 13:53

Ирандын ИРНА маалымат агенттиги кабарлагандай, америкалык "Боинг" компаниясы кийинки айда өлкөгө "777" үлгүсүндөгү эки даана жүргүнчү учагын жеткирет.

Бул эл аралык санкциялар жеңилдегенден кийинки Батыш менен кызматташтыкты күбөлөгөн алгачкы келишимдердин бири болуп калмакчы.

ИРНА агенттиги учактар улутттук Iran Air компаниясына тапшырыларын өз булактарына шилтеме кылып жазды. Өткөн жылы «Боинг» компаниясы Иран менен жалпы суммасы 16 миллиард долларга жеткен келишимге жетишкенин маалымдаган. Кийинчерээк Тегеран сатып алына турган учактардын саны кыскарганын билдирген.

2015-жылы кабыл алынган эл аралык келишимге ылайык, Иран өзөктүк курал жасоо дымагын тизгиндеп, ага жооп катары Батыштын санкциялары четинен алынышы керек болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG