Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 22:33

Бишкектин Ош базарында сатылган тамак-аштан алты адам ууланды. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти. Маалыматка караганда, марттын этегинде төрт адам базарда ачык сатылган манты алып жегенден кийин, өздөрүн начар сезип ооруканага кайрылган.

Апрелдин башында ушул эле базардан атасы самсы сатып берген бир жарым жана жети жаштагы балдар ууланып, Республикалык инфекциялык ооруканага түшкөн. Самсы даярдаган жай жабылды. Аталган мекеме көчөдө сатылган тамак-аштарды көзөмөлдөө кыйын болуп жатканын билдирүүдө.

9-апрелде Таш-Көмүр шаарында бир үй-бүлөдөн сегиз адам туздалган козу карындан ууланып, ооруканада жатат. Алардын арасындагы үч баланын абалы оор экени кабарланды. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG