Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 18:01

Аялын сабап, жанын кыйганга жеткирди деген негизде Нурдин Убукиев аттуу жаран Кылмыш-жаза кодексинин 102-беренеси боюнча төрт жылга абакка кесилди. Буга байланыштуу ишти Бишкектин Октябрь райондук соту караганын “Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, тергөөдө Убукеев аялын узак убакыт бою мазактап, зомбулук көрсөткөнү аныкталган.

- 2015-жылы 27 жаштагы келин өз жанын кыйган. Бул иш биринчи инстанцияда каралып, анын күйөөсү 102-берененин 2-пункту боюнча ("Өлүмгө алып барган") соттолду. Үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын көбү келин кайтыш болгондон кийин соттук процесс учурунда күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнүн негизинде, медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен ачыкка чыгып атат. "Өлүмгө алып барды" деген беренени тастыктоо абдан кыйын. Бул биздин тарыхыбызда экинчи учур болуп жатат.

БУУ акыркы баянында Кыргызстанда аялдарга карата үй-бүлөдөгү зомбулук жана жумушсуздук өскөнүн, үй тиричилиги менен алектенген аялдар эмгекке жарамдуу калктын 72 пайызын түзөрүн жарыялаган. Укук коргоочулар аялдардын иштебегени алардын көз каранды болушун жана зомбулукту шарттап жатканын белгилөөдө. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG