Миллиардер Алишер Усманов орусиялык оппозициячы Алексей Навальныйды сотко берүүгө ниеттенүүдө.
Усмановдун 11-апрелде ТАСС агенттигине билдиришинче, Навальныйдын антикоррупциялык тобунун өткөн айда жарыялагандарын "жалган" деп эсептеп, атайын көңүл бурбай келген. Бирок оппозициячынын кылмыштуу ишмердикке тиешеси бар дегени "кызыл чектен өткөндүк" деп, жалган маалымат таратканы үчүн сотко берүүгө камынууда.
Навальный жетектеген коррупцияга каршы күрөшүү фонду марттын башында орус премьер-министри Дмитрий Медведевге таандык деп, бир топ мүлктөрдү жарыялаган. Анда хансарайлардын бирин Медведевге Өзбекстанда туулган орусиялык магнат Усманов белек кылганы, бул коррупция экени айтылган.
Жалпы 70 млрд рублден ашкан мүлктөрдү өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеген Медведев кантип тапты дешип, 26-мартта Орусиянын ондогон шаарларында нааразылык акциялары өткөн.