Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:58

Өткөн жылы дүйнөдө өлүм жазасына тартылгандар аз болду


Мароккодогу өлүм жазасына каршы акция
Мароккодогу өлүм жазасына каршы акция

2016-жылы дүйнөдө өлүм жазасына тартылгандардын саны андан мурунку көрсөткүчтөргө салыштырмалуу 37% кыскарды. Бул тууралуу Эл аралык мунапыс уюму (Amnesty Internatiоnal) 11-апрелдеги баяндамасында билдирди.

Буга дүйнөдөгү өлүм жазасы эң көп колдонулган Иран менен Пакистандагы көрсөткүчтүн азайышы себеп болду.

Былтыры өлүм жазасына тартуу негизинен Кытай, Сауд Арабия жана Иракта катталган.

Эл аралык мунапыс уюмунун баяндамасына ылайык, Кытайды кошпогондо 2016-жылдагы өлүм жазасына тартылгандардын 55% Иранда болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG