Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:18

Эки жылда паспортко байланыштуу 228 кылмыш иши козголгон


Иллюстрация
Иллюстрация

Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технология башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, 2015-2016-жылдары мыйзамсыз паспорт берүү жана жасоо фактысына байланыштуу 228 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында айтылды. Булардын арасында УКМК, Башкы прокуратура жана Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы козгогон иштер да бар. Жалпысынан 125 кылмыш иши сотко өткөрүлсө, 50дөй иш боюнча тергөө-иликтөө иштери уланууда.

Парламенттин тийиштүү комитети өлкөдө мыйзамсыз паспорт берилип жаткан көрүнүштү талкууга алып, укук коргоо органдарына фактыларды иликтеп, чара көрүүнү тапшырды.

Буга чейин жасалма кыргыз паспорттору менен башка улут өкүлдөрү кармалган учурлар катталган. Былтыр жазында Стамбул аэропортунда уйгур тектүү адам 98 кыргыз паспорту менен кармалган.

Коргоо кеңеши системалык коррупцияны жоюу маселесин талкуулап, анын ичинде паспорт берүү системасын жаңылоо боюнча деталдуу план иштелип чыккан. Ага ылайык, Мамлекеттик каттоо кызматына паспортко керектүү документтерди электрондук негизде чогултуп, системага акыркы технологияны киргизүү тапшырмасы берилген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG