Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 17:39

АКШ мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон Москвага келди. Ал 12-апрелде орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугуп, Сириядагы жагдайды талкуулайт.

Тиллерсон Кошмо Штаттардын жаңы администрациясындагы орус жергесине келген биринчи жогорку даражалуу өкүл. Анын Орусия президенти Владимир Путин менен жолугар-жолукпасы али белгисиз.

10-апрелде АКШ президенти Дональд Трамп менен Британия премьери Тереза Мэй Асаддын режимин колдоодон баш тарттырууга Орусияны дагы бир ирет көндүрмөкчү болгон Тиллерсондун сапарынын ийгилигине үмүттөнөрүн билдиришкен.

Тиллерсон Москвага Сирия маселесин талкуулаган Италиядагы "Чоң жетинин" тышкы иштер министрлеринин жыйынынан кийин келди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG