Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 05:43

Орусиянын Ямало-Ненецк автоном округунун борбору Салехард шаарындагы өрттөн бир кыргызстандык каза болуп, экөө ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Айымкан Кулукеева кабарлады.

Өрттү өчүрүү маалында Кыргызстандын 50 жаштагы тургунунун сөөгү табылган. Дагы үч кыргызстандык куткарылып, экөө жергиликтүү ооруканага жаткырылды.

Маалыматка караганда, турак жайдын мамысы күйүп кеткен. Учурда Орусиянын тергөө органдары өрттүн себептерин иликтөөдө.

Орусиянын мамлекеттик Статкомитетинин маалыматы боюнча, 600 миңдей кыргызстандык Орусиянын аймагында каттоодо турат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG