Линктер

ишемби, 20-январь, 2018 Бишкек убактысы 01:29

Бишкекте "Мектептерде мамлекеттик тилди окутуу: тажрыйбалар жана табылгалар" аттуу республикалык илимий-тажрыйбалык конференция өтүп жатат.

Илимий жыйында кыргыз тилин экинчи тил катары окутуунун методологиясы, жаңы технологиялары, практикалык маселелери, "Кыргызтест": мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн тест жыйынтыктары" жана башка темалар талкууланып жатат.

Иш-чаранын экинчи бөлүгү мектептин тажрыйбалуу мугалимдери, жогорку окуу жайларынын жана тил үйрөтүү борборлорунун окутуучулары даярдаган практикалык иштер менен уланат.

Конференцияны Кыргызстандын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия уюштурган. (ZA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG