Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:07

Бишкекте алгачкы тамак-аш көргөзмөсү өтүүдө


Иллюстрация
Иллюстрация

Бул күндөрү Бишкекте тамак-аш өнөр жай көргөзмөсү өтүп жатат. Аны уюштурган «BiExpo» компаниясынан "Азаттык" радиосуна кабарлашкандай, мындай адистештирилген көргөзмө Кыргызстанда алгачкы жолу өтүүдө.

Экспозицияга беш өлкөдөн - Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Германия жана Италиядан тамак-аш өнөр жайы жана экологиялык таза азыктарды өндүрүүчү ишканалар катышууда. Максат - жергиликтүү рынокко чыгуу мүмкүнчүлүктөрү менен таанышуу, маалымат алмашуу.

Кыргызстан агрардык өлкө. Айыл-чарба продукциясын өндүрүү тармагы дыйкан жана фермердик чарбалардын колунда. Соңку жылдары бир катар инвестициялык долбоорлор ишке ашырылып, өндүрүлгөн продукциянын сапатын арттыруу аракети көрүлүп, атаандаштык өсүүдө. Бирок өстүргөнүн сырт жакка татыктуу баада сатып жаткандар өтө аз. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG