Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:15

"Жамгыр" кениндеги өлүмдү комиссия иликтейт


Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунда жайгашкан “Жамгыр” алтын кениндеги адам өмүрүн алган окуяны атайын комиссия жеринен иликтейт. Комиссиянын өкүлдөрү бүгүн түштөн кийин Чаткалга чыгып кетишет. Бул тууралуу “Азаттыкка” Экотехинспекциянын маалымат кызматы кабарлады.

9-апрелде кечки саат 9 чамасында "Жамгыр" алтын кенинин тазалоочу блогунда таш кулап, натыйжада Чаткал районунун 40 жаштагы тургуну каза болгон.

«Жамгыр» майда кендер катарына кирет, андагы запастын көлөмү 5-30 тонна деп эсептелген. Кенди казакстандык Vertex Gold компаниясы иштетет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG