Чет жакка чыгып жаткан кыргызстандыктардын кулчулукка кабылуусун алдын алуу максатында "Манас" эл аралык аэропортунда атайын терминалдар иштей баштады. Бул долбоорду ишке ашырууга АКШнын Кыргызстандагы элчилиги жардам берди.
USAID агенттиги каржылаган долбоор адам сатууну алдын алуу жана Кыргызстандан сыртка чыгып кетип бараткан мигранттарды коргоо максатын көздөйт.
Жалпысынан өлкө аймагында мындай терминалдардан ону орнотулат. Аларда негизги укуктар жана адам сатуунун курмандыгы болуп калбаш үчүн кеп-кеңештер жазылган.
Маалыматтык өнөктүктөн тышкары Кыргызстандын Миграция кызматы менен биргеликте буга чейин азык-түлүк жана медициналык жардамга муктаж, чет жакта документтерин жоготуп алган 100гө жакын мигрантка жардам көрсөтүлгөн.
USAID агенттигинин маалыматы боюнча, чет жакта жашап, иштеген кыргызстандыктардын саны 700 миңдей адам. (RK)