Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:05

"Досум, мен алданып калдым..."


Орусияга кимдир бирөөнүн убадасына ишенип иштегени келип, ар кандай оор кырдаалга туш болгон эмгек мигранттар арбын кездешет. Айрымдары кадимки кулчулукка түшсө, арасында документтерин алдырып, чет жерде кыйынчылыктарга дуушар болушат.

Азамат Жаанбаев жакын курбусу Орусияга иш издеп келип, кулчулукка түшкөнүн айтып отурду. Жумуш жана жашоо шартына нааразы болуп, иштөөдөн баш тарткан кыргызстандык мигранттардын документтерин жумуш берүүчү алып койгон.

- Одноклассники сайты аркылуу сүйлөшкөндө “Саратовдо талаада иштеп жатам, бизди бир дунган алып келди” деди. Бир аял, төрт эркек экен. Жумуш берүүчү документтерин тууралап, жолун төлөп алып келиптир. Бир сезон иштешсе, 80 миң рубл бермекчи болгон экен. Башында “жумуш жакшы эле” деп жаткан. Же менден тартындыбы, же уялдыбы, эч нерсе айткан эмес. Анан жыйырма күндөн кийин эле жаткан жерин, иштеген жумушун видеого тартып жөнөтө башташты. Тамак деле бербейт экен. Эртеден кечке чейин талаада иштетип, документтерин алып коюптур. Акырында “бизге жардам бербесең болбой калды” деди. Полицияга кайрылууну сунуштадым, алар келип текшерип кетип калыптыр. Жумуш берүүчү менен сүйлөшүп коюшкан окшойт.

Түркия: мигрант кыз-келиндер көргөн кордук

Түркия: мигрант кыз-келиндер көргөн кордук

Акыркы жылдары Түркияга агылган кыргызстандык эмгек мигранттарынын басымдуу бөлүгүн кыз-келиндер түзөт.

Жаанбаевдин айтымында, Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн кийлигишүүсү менен өткөн жумада бул мигранттар документтерин колго алып, Кыргызстанга жол тартышкан.

- Мен Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгүнө кайрылдым. Алар байланышып, жумуш берүүчү менен сүйлөшүштү. Андан кийин эле досум байланышып, аларды бир жарым ай иштетип, колдоруна 5 миң рублдан карматып туруп бошотуп жибергенин айтты. Ошондон бери байланыша элек, Кыргызстанга кеткен окшойт, дайыны чыкпайт.

Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова февралдын аягында түшкөн арыз боюнча жакын арада эле Карачаево-Черкесия республикасынан дагы бир кыргызстандык жаран кулчулуктан куткарылып, мекенине жөнөтүлгөнүн маалымдайт.

- Болот Усенов деген адам Кыргызстандагы консулдук кызмат департаментине арыз менен кайрылып, 1990-жылы туулган уулу Уларбек Орусияда дайынсыз жүргөнүн кабарлаган. Бир жарым жуманын ичинде консулдуктун кызматкерлери аны Карачево-Черкесия республикасындагы Жогорку Таберди деген айылдан табышты. Бала өзү башка жердештерин менен ишке келип, акыры жалгыз калып калганын элчиликтин кызматкерлерине айтып берген. Мындайча айтканда, документтерин таштап эле кулчулуктан качып чыккан. Консулдук аркылуу документтерин тууралап, Кыргызстанга жөнөттүк. Бизге “жумуш берүүчү айлык бербей жатат, жумуш шарты начар” деп көп эле жарандар арыз менен кайрылышат. Бирок Уларбектин окуясын толугу менен кулчулук деп атоого негиз бар. Бул акыркы бир жарым жылда элчиликте катталган бир гана окуя.

“Жарандык көмөк” комитетинин адиси Марина Лексина Орусияда кулчулукка кабылган чет элдик жарандардын абалын алардын орус тилин, жергиликтүү укук коргоо органдарына кайрылуу шарттарын билбегендиги оорлотуп жатканына токтолду.

- Мигранттарды мажбурлап бекер иштетип, анан талаага таштап койгон учурлар болот. Көп эмес, бирок мындай көрүнүш бар. Тааныш же туугандары эле мекенден ар кандай убадалар менен алып келип, бул жакка кулчулукка сатып жибергендер дагы болот. Ал эми мигранттардын күчүн колдонгондор аларды бейтааныш жерге алып барып, эч ким менен байланыша албай, жолуга албай калгандай кылып коет. Мындай учурларда адам мүмкүн болушунча башка бирөөлөргө байланышка чыгып, абалын айтууга аракет кылышы керек.

Орусияда расмий эсеп боюнча 600 миңге чукул кыргызстандык иштейт. Москвадагы элчиликтин маалыматы боюнча, былтыркы жыл ичинде кулчулук боюнча жарандардан кайрылуу түшкөн эмес. Ал эми 2015-жылы Ковров шаарында мыйзамсыз иштеген тигүүчү цехтен элчиликтин жардамы менен сегиз кыргызстандык жаран кулчулуктан чыгарылган.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG