Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:14

Сот Турдукуловду Мамбеталиевге 50 миң сом төлөөгө милдеттендирди


Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук соту Эркин Мамбеталиевдин активист жана "Сөз эркиндигин коргоо комитетинин" мүчөсү Адил Турдукулов боюнча доо арызын карап, чечим чыгарды. Ага ылайык, Турдукуловго 50 миң сом төлөө милдеттендирилди. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз катчысы Айнура Токтошева “Азаттыкка” кабарлады.

Жарандык ативист Адил Турдукулов экинчи инстанцияга кайрылуу боюнча адвокаттар менен кеңешип жатканын айтты:

- Биз азыр жогорку инстанцияга кайрылабызбы, жокпу, адвокаттар менен кеңешип жатабыз. 10 күндүн ичинде бул чечим күчүнө кирет. Ал эми менин 30 күн ичинде экинчи инстанцияга кайрылуу мүмкүнчүлүгүм бар.

Президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы деген Эркин Мамбеталиев Адил Турдукуловдун үстүнөн өткөн жылы ноябрда сотко кайрылган. Ал "Фейсбуктагы" билдирүүлөр "аброюма шек келтирди" деген негизде арыз жазып, моралдык зыян катары 5 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн.

Турдукулов Мамбеталиев тууралуу посттору далилдерди, шилтемелерди келтирүү менен жазылганын билдирип келет. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG