Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:28

Лавров: "Биз менен же бизге каршы" деген тандоо болбошу керек


Лавров менен Тиллерсон Москвада жолугушууда
Лавров менен Тиллерсон Москвада жолугушууда

Вашингтон Москваны "биз менен же бизге каршы" деген жалган тандоого түртпөшү керек. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров америкалык кесиптеши Рекс Тиллерсон менен жолугушууда билдирди.

Ал арада орус президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Орусияны Асадды колдоодон баш тартууга чакыруу "алысты көрө албагандык", "абсурд" деп, бул "террористтерге оңдой берди болот" деген оюн айтты.

4-апрелде Сириянын Хан-Шейхун шаарындагы химиялык деп мүнөздөлгөн чабуулда 90го жакын адам өлгөн. Батыш буга Сирия өкмөтүн, аларга көмөк көрсөтөт деп Орусияны айыптоодо. Дамаск менен Москва айыптоолорду четке кагып, уулуу газ Сирия өкмөтү куралдуу оппозициянын кампасын бомбалаганда чыккан деп айтышкан. Бул Батышты ынандырган эмес. 7-апрелде АКШ Сирия президенти Асаддын аскер аба базасынын бирин ракеталар менен аткылаган.

11-апрелде АКШ мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон химиялык курал колдонуу менен Асаддын бети ачылганын айткан. Орусия Асадды колдоп атканын белгилеп, "же Сирия кризисин чечүү аракетин көрүп жаткан АКШ сыяктуу башка батыш өлкөлөрү жана Жакынкы Чыгыш мамлекеттердин тарабына кайра өтөбү?" деп суроо салган эле.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG