Ош шаарында үч күндө үч кыз өз жанын кыйганга аракет кылды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тараткан маалыматта айтылат. Үчөө тең 20 жаштагы кыздар. Алар дары-дармек жана уксус ичип, натыйжада оорукананын реанимация бөлүмүнө жеткирилген.
Ош милициясы шаарда өз өмүрүнө кол салган жаш кыздар, өспүрүмдөрдүн саны өсүп баратканын белгилөөдө.
Жыл башынан бери Ош шаарында 5 адам ѳз ѳмүрүн кыйган. Ал эми 41 адам ѳз ѳмүрүн дары-дармек же уу заттарды ичип кыюуга аракет жасашкан.
Былтыр жаңы окуу жылынын башында премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 7 ай ичинде Кыргызстанда 64 адам өз жанын кыйганын, алардын 95% мектеп окуучулары экенин айткан. (КЕ)