Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:13

Ак-Сай кыштоосуна барчу жол ачылды


Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Сай өрөөнүнө кеткен жол ачылды. 11-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин гуманитардык жардамы кыштоого жеткирилип, малчыларга таратыла баштады. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Март айында катаал аба ырайы жана калың кардан улам кыштоого кеткен Торугарт жана Кында ашуу жолдору жабылып калган. Ак-Сайдагы малчылар менен байланышуу кыйынчылык туудурган эле. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG