Кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн буйругу менен кара май аткезчилигине каршы тийиштүү кызматтардан турган атайын ыкчам топ түзүлдү. Жумушчу топ облус аймагына кирип андан ары Лейлек району аркылуу Тажикстанга мыйзамсыз өтүп жаткан күйүүчү жана майлоочу майды ташууну алдын алуу менен бөгөт коюуга аракет жасайт.
Буга чейин Баткен облусу аркылуу Тажикстанга көп көлөмдө күйүүчү май мыйзамсыз чек арадан өтүп жатканы тууралуу айтылып келгенинен улам облустук бийлик бир ай бою атайын мониторинг жүргүзгөн. Жыйынтыгында Лейлек районунун калкынын кара майга болгон бир айлык жалпы керектөөсү 2,5 миң тонна болсо, аталган районго бир ай аралыгында 16,5 миң тонна күйүүчү май келери аныкталган.
-Бул керектөөдөн 6,5 эсекөп. Ушундай көрсөткүч аткезчиликке каршы атайын ыкчам топту түзүп аракеттенүүгө түрткү болду, - деп билдирди 13-апрелде «Азаттык» радиосуна өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы. (JsA)