Линктер

жекшемби, 23-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 16:11

Үч райондо жети миллиондук бюджеттик мыйзам бузуу аныкталды


Кыргызстандын Эсеп палатасы айыл өкмөттөрдөгү каржылык тартипти текшерип, үч райондо мыйзам бузуу болгонун аныктады. Бул тууралуу бүгүн атаган мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.

2015-жылдын жыйынтыгы боюнча Оштун Өзгөн районунда, Жалал-Абаддын Ала-Бука, Токтогул райондорунда жалпысынан 7,2 млн сомдук каржылык мыйзам бузуу болгон деп эсептелинди.

Бул каражаттар айыл округунун бюджетин түзүү жана аткаруу маалында мыйзамсыз пайдаланылганы айтылууда.

Учурда келтирилген 7,2 млн сомдун 4,2 млн сому бюджетке кайтарылган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG