Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:59

Хорватиялык генерал аскерий кылмыштарга айыпталды


Хорватиялык отставкадагы генерал Анте Готовина.
Хорватиялык отставкадагы генерал Анте Готовина.

Босния полициясы отставкадагы хорватиялык генерал Анте Готовинаны 1990-жылдардагы согушта Босния жана Герцоговина аймагындагы жайкын тургундарга каршы жасалган аскерий кылмыштарга айыптоодо. Бул тууралуу өлкө полициясы жана маалымат каражаттары 12-апрелде кабарлашты.

Босниядагы Требине шаардык полициясынын маалымат катчысы билдиргендей, улуттук прокурорлор менен чогуу "А.Г. аттуу жаранга адамзатка жана жайкын тургундарга каршы аскерий кылмыштарга" барган деген шек менен айып тагылды.

Жергиликтүү медиа "А.Г" - Анте Готовина деп чечмеледи.

Полиция кошумчалагандай, кылмыштар Босниянын батышындагы Ливно аймагында 1992-жылы жасалган.

Готовина 1991-1995 жылдардагы согуш маалында Хорватиядагы этникалык сербдерге каршы жасалган аскерий кылмыштарга айыпталып, Мурдагы Югославия боюнча эл аралык трибунал 24 жылга эркинен ажыраткан. 2012-жылы Гаага соту Готовинаны толук актап, абактан бошотулган.

1990-жылдардагы Балкан согушунда 130 миңдей адамдын өмүрү кыйылган жана алардын 100 миңдейи босниялыктар болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG